AVN







ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ОШТУНУН ѲЗГѲН ИНСТИТУТУНДА

Филология факультетинин окутуучулар Н.К.Жалилова, Г.Т.Маматовалар ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Ѳзгѳн технологиялык жана билим берүү институтунунда болушуп, аталган окуу жайдагы Мектепке чейинки билим берүү, Башталгыч класстарда окутуу адистиктериндеги бүтүрүүчү курстардын студенттерине жаш илимпоз окутуучу Н.Жалилова тарабынан «Студенттерди адис катары калыптандырууда оозеки жана жазуу иштеринин орду» аталышында конок лекция (семинар сабак) ѳтүлдү.

Жыйынтыгында, ар бир адис ѳз кесибин мыкты билген, ой пикирин кыска жана түшүнүктүү туюнткан, кыргыз тилинин орфоэпиялык, орфографиялык жана пунктуациялык эрежелерин так аткара билген кесипкѳй болушу зарылдыгы белгиленди.