AVN







Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) декандарын шайлоо боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин отурумунун (11.02.22.) №4 протоколунун чечимдери:

1. Экономикалык-юридикалык факультеттинин декандык кызмат ордуна шайлоого талапкер катары э.и.д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна катталсын.

2.1. Талапкерлерге 2022-жылдын 15-февралында 15:00дө экономикалык-юридикалык факультеттинин жамааты менен жолугушуу уюштурулуп берилсин. Жолугушууну уюштуруу декандын милдетин аткаруучусу жана уюштуруу комитетинин мүчөлөрү С.Ж.Куваков жана К.Кокумбаевага милдеттендирилсин.

2.1. Экономикалык-юридикалык факультеттинин деканын шайлоочу жамаат менен талапкерлердин жолугушуу графигин  кулактандыруу доскаларына жайгаштыруу уюштуруу комитетинин мүчөсү Г.Т.Токтогуловага милдеттендирилсин.

    1. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун деканы кызмат ордуна өткөрүлүүчү шайлоого карата шайлоочулардын алдын ала тизмесинин жалпы саны:

- Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинде-22; 

- Экономикалык-юридикалык факультетинде -19;

- Филология факультетинде- 72 шайлоочудан турган тизмеси бекитилсин.

    1. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин тиешелүү факультеттеринин кулактандыруу доскаларына  илинсин. Уюштуруу комитетинин мүчөсү Г.Т.Токтогуловага милдеттендирилсин.