AVN







Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) декандарын шайлоо боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин отурумунун (07.02.22.) №3 протоколунун чечимдери:

1. Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультеттинин декандык кызмат ордуна шайлоого талапкер катары п.и.к., доценттин м.а. Субанов Бекжан Абдыжалилович катталсын.

  2. 2022-жылдын 10-февралында 15:00дө талапкерлерге Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультеттинин жамааты менен жолугушуу уюштурулуп берилсин. Жолугушууну декандын милдетин аткаруучусуна жана уюштуруу комитетинин мүчөлөрү С.Ж.Куваковго жана К.Кокумбаевага милдеттендирилсин.

 

Уюштуруу комитети