AVN







Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) декандарын шайлоо боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин отурумунун (01.02.22.) №2 протоколунун чечимдери:

1. Факультеттин деканын шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин иш аракеттери бекитилген Жобого ылайык пландаштырылып, уюштурууну жүргүзүү ар бир мүчөсүнө төмөнкүдөй таризде милдеттендирилсин:

  •  шайлоочулардын тизмесин тактоо, түзүү жарыялоо боюнча - А. Акматова., Маткермова М.Ш;
  • факультеттин декандык кызмат ордуна талапкерлерди каттоо - Кокумбаева К.А.
  • катталган талапкерлердин тизмесин  өз убагында жарыялоо - Эгембердиева А.Д., Токтогулова Г.Т.
  • факультеттин декандыгына талапкерлигин көрсөткөн каттоодон өткөн бардык талапкерлердин укуктарынын тең сакталуусун камсыз кылуу - уюштуруу комитетинин мүчөлөрү;
  • шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү – Алибаев А.П., Эгембердиева А.Д;
  • добуш берүүчү имаратты даярдоо шайлоо кутучасы ж.б. каражаттар менен  камсыз кылуу - Куваков С.Ж.
  • добуш бере албай калган шайлоочуларга барып добуш берүүсүнө шарт түзүүнү уюштуруу- Куваков С.К.
  • кабыл алынган Жоболордун бузулушуна негизделген арыздарга жана даттанууларга ылайык тиешелүү чечим кабыл алуу - уюштуруу комитетинин мүчөлөрү;
  • Жобого ылайык башка укуктардын аткарылышын кароо - уюштуруу комитетинин мүчөлөрү.