AVN







Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) декандарын шайлоо боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин отурумунун (28.01.22.) №1 протоколунун чечимдери:

1. Уюштуруу комитетинин катчысы болуп А.Д.Эгембердиева шайлансын.

2.1.Факультеттердин жалпы жамаатынын жыйыны, деканын шайлоо төмөнкү белгиленген күндөрү өткөрүлсүн:

- Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинде 2022-жылдын 18-февралында саат 10:00дө;

- Экономикалык-юридикалык факультетинде  2022-жылдын 19-февралында саат 9:00дө;

- Филология факультетинин 2022-жылдын  21-февралында саат 14:00дө.

2.2.Факультеттин жалпы жыйынын жана деканын шайлоосун өткөрүү боюнча факультеттерде даярдыктар жүргүзүлсүн.

3.1.Факультеттердин деканы кызмат орундарына  талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо мөөнөттөрү төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлсүн:

- Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинин деканы кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү 2022-жылдын 28-январынан 10-февраль саат 17:00гө чейин; талапкерди каттоо 28-январынан 12-февраль саат 17:00гө чейин;

- Экономикалык-юридикалык факультетинин деканы кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү 2022-жылдын 28-январынан 11-февраль, саат 17:00гө  чейин; талапкерликке  каттоо 28-январдан 13-февраль, саат 17:00гө чейин;

- Филология факультетинин деканы кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү 2022-жылдын 28-январынан 13-февраль, саат 17:00гө чейин; талапкерликке каттоо 28-январынан 15-февраль саат 17:00гө чейин.

3.2.Факультеттердин кулактандыруу доскаларына жана ЖАМУнун сайтына жайгаштыруу уюштуруу комитетинин катчысы  А.Д.Эгембердиевага милдеттендирилсин.

4. 2022-жылдын 28-январынан 21-февралына чейин бейшенби, жума күндөрү саат 10:00дө уюштуруу комитетинин отуруму өткөрүлсүн.