AVN







КУЛАКТАНДЫРУУ !

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин декандарын  шайлоо боюнча уюштуруу комитети билдирет:

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №346 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультети жөнүндө” жана ЖАМУнун окумуштуулар кеңешинин 2016-жылдын 8-февралындагы №6 протоколу менен кабыл алынган  “Деканды шайлоо жөнүндөгү” жоболоруна ылайык төмөндөгү факультеттерде факультеттин деканы кызмат ордуна шайлоо боюнча жамааттын жыйыны өткөрүлөт:
     - Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинде 2022-жылдын 18-февралында саат 10:00дө;
- Экономикалык-юридикалык факультетинде  2022-жылдын 19-февралында саат 9:00дө;
- Филология факультетинин 2022-жылдын  21-февралында саат 14:00дө.
  Факультеттин деканы кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жана документтерин кабыл алуу (каттоо) төмөнкү график боюнча жүргүзүлөт:
Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинин деканы кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү 2022-жылдын 28-январынан 10-февраль саат 17:00гө чейин; талапкерди каттоо 28-январынан 12-февраль саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт;
Экономикалык-юридикалык факультетинин деканы кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү 2022-жылдын 28-январынан 11-февраль, саат 17:00гө  чейин; талапкерликке  каттоо 28-январдан 13-февраль, саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт;
Филология факультетинин деканы кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү 2022-жылдын 28-январынан 13-февраль, саат 17:00гө чейин; талапкерликке каттоо 28-январынан 15-февраль саат 17:00гө чейин  жүргүзүлөт.
Талапкерлерди каттоо үчүн уюштуруу комитетине төмөнкү документтер берилет:
- арыз (кафедра же башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн  жыйналыштардын протоколу (кеңейтилген) чечими);
 - резьюме;
- факультетти өнүктүрүү боюнча программалык платформасы; 
- иштеген жеринен мүнөздөмө;
 - билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
- илимдердин докторунун (кандидатынын) илимий даражасы жөнүндө дипломдун жана профессордун (доценттин) күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
    Документтер деканды шайлоо боюнча уюштуруу комитетине төмөнкү дарек боюнча тапшырылышы зарыл. 
Жалал-Абад шаары, Спутник кичи шаары, Манас көчөсү-80, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун №6 окуу корпусу, I-кабат, №111 канаасы. Байланыш телефону: 0770344455; 0508344455