AVN







ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Үзгүлтүксүз билим берүү институту 2021-2022-окуу жылында

Адис жана адистик эмес профилдеги окутуучулук-профессордук курам үчүн “Педагогикалык квалификацияны жогорулатуу” жана “Англис тилин үйрөнөбүз” курстарын уюштуруп жаткандыгын жарыялайт. Курска кабыл алуу 2022-жылдын 17-февралынан 2-апрелине чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт.

Аталган курстар атайын адистер тарабынан өткөрүлүп, жыйынтыгында 72 саатка ылайыкташтырылган программанын негизинде СЕРТИФИКАТ берилет. СЕРТИФИКАТ 5 жылга чейин өз күчүн жоготпойт. СЕРТИФИКАТ аттестация жана аккредитация өнөктүгү үчүн маанилүү документ болуп эсептелет.

Баардык өз билимин өркүндөтүүнү каалоочулар үчүн ҮББИ сиздер менен кызматташууга дайыма даяр.

 

 

Уюштуруу комитети.