AVN







БИР АЙЛЫК ИШ ЧАРАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛАТ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлкеттик университетинде “Манас жана Айтматов ааламы” аталышында жарыяланган бир айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылат. Бул тууралуу уюштуру тобунан маалымдашты.

 

Иш чаранын максаты: Манас" эпосун адабий эпикалык чыгарма катары эле эмес, Манастын рухун, мекенчилдигин, эрдигин, элдин бактысына жаралган баатырдыгын феномен катары жаш муундарга жеткирүү жана жаштарды ушул идеологияда  тарбиялоо.

 

Ошону менен катар эле өмүрүнүн акырына чейин Манасты даңтап келген залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын студенттер арасында жайылтуу, анын чыгармаларын окууга үндөө. “Манас жана Айтматов  ааламы” аталышындагы бир айлык  иш  чаранын жыйынтыктоо.

 

Иш-чара эки бөлүктөн турат:

 

1. Көргөзмө, театралдаштрылган көрүнүш

2. Концерттик программа