AVN







Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) ректорун шайлоону өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин отурумунун (20.12.21.) №3 протоколунун чечимдери:

    1. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору кызмат ордуна өткөрүлүүчү шайлоого карата шайлоочулардын жалпы саны 449 шайлоочудан турган тизмеси бекитилсин.

    2. Шайлоочулардын тизмесиБ.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин тиешелүү кулактандыруу доскаларына  илинсин. Уюштуруу комитетинин катчысы А.Эгембердиевага милдеттендирилсин.

    3. Шайлоо учурунда шайлоочулардын шайлоого өз убагында катталуусун (21.12.21. 8:00-9:00) камсыздоо, коомдук тартипти, санитардык эрежелерди сакталышын уюштуруу жана көзөмөлдөө университеттин ректорунун милдетин аткаруучу А.П.Алибаевге жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине милдеттендирилсин.

 

    1. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректорулугуна талапкер  Белеков Таалайбек Эсенбаевичтин талапкерлигин алып таштоо арызы канааттандырылсын.

    2. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректорулугуна талапкер  Ажыбаева Замира Абдыкалыковнанын талапкерлигин алып таштоо арызы канааттандырылсын.

3.1. Шайлоо бюллетенинин формасы бекитилсин.

3.2. Шайлоо бюллетенине төмөнкү талапкерлер алфавиттик таризде киргизилсин:

-Авазов Эрнис Абдыманапович - ЖАМУда доцент,тарых илимдеринин кандидаты.

-Кадыркулов Адылбек Козубекович- ОшТУда доцент, техника илимдеринин кандидаты.

-Усенов Кеңешбек Жумабекович- Б.Осмонов атындагы ЖАМУда профессор, техника илимдеринин доктору.

-Эрназарова Бактыгүл Кочкорбаевна - Б.Осмонов атындагыЖАМУда доцент, химия илимдеринин кандидаты.

4. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун жамааттынын жалпы чогулушу2021-жылдын 21-декабрында саат 9:00дө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги №209 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндөгү” Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 1-мартындагы №220/1 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоону өткөрүүнүн Регламентинин” талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.