AVN







РЕКТОРУН ШАЙЛООНУ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ БИЛДИРЕТ:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНСТРЛИГИ

 

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик  университетинин

 

РЕКТОРУН ШАЙЛООНУ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ БИЛДИРЕТ:

 

2021-жылдын __ декабрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректорун шайлоо боюнча Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы жамаатынын жыйыны өтөт.

 

Ректордун кызмат ордуна талапкерлерди каттоо жана документтерди кабыл алуу ушул кулактандыруу жарыяланган күндөн баштап, 2021-жылдын   - декабрында саат 17.00 чейин жүргүзүлөт.

Талапкерлерди каттоо үчүн уюштуруу комитетине төмөнкү документтер талап кылынат:

- ЖОЖдун окуу жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн   ректордук кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими;

-Ректордук кызматка талапкердин өзүнүн арызы (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катталган талапкерлер үчүн);

-Талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар;

-Кыргыз Республикасынын “ Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 38-беренисине ылайык ректордук кызматка талапкерге коюлуучу талапты ырастаган тиешелүү документтер.

 

Документтер ректорду шайлоо боюнча уюштуруу комитетине төмөнкү дарек боюнча тапшырылышы зарыл: Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү 25.

Байланыш телефону: