AVN







Майлуу-Суу колледжи

Майлуу-Суу колледжи

Директор


Осунбеков Сайдымурат Сайтмаматович


Адрес: Кыргыз Республикасы, Майлуу-Суу шаары, Ленин көчөсү, 80

Телефон: (0-3744) 5-14-24

E-mail: msk_jagu@mail.ru



Миссия: Коомдун, экономиканын, өндүрүштүн азыркы өнүгүү тенденцияларына шайкеш келген атаандаштыкка жөндөмүү кесиптик орто билимдүү адистерди даярдоо.

 

Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжи 1965-жылы Майлуу-Суу электролампа заводуна жана мурдагы Советтер Союзунун башка электролампа заводдоруна кесиптик орто билимдүү кадрларды даярдоо максатында электромеханикалык техникум катары ачылган. Техникумдун студенттери өндүрүштүк практикаларды бир гана Майлуу-Суу шаарында өтпөстөн, Смоленск, Рига, Херсон, Волгоград, Бишкек, Калашниково, Саранск жана башка шаарларда өтүшкөн. Ал эми техникумду бүтүрүүчүлөрдү мурдагы Советтер Союзундагы электролампа жана машина куру багытындагы заводдоруна жумуш орундарына жөнөтүлгөн.

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик университет ачылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министрлигинин 1993-жылынын 14-майындагы №169/1 буйругу менен мурдагы Майлуу-Суу электромеханикалык техникуму ЖАМУнун Майлуу-Суу электротехникалык колледжи болуп кайра түзүлгөн. 2008-жылы замандын талабына жараша жана жаңы адистер ачылгандыгына байланыштуу ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжи болуп аты өзгөртүлгөн (КРнын ББИМнин 2008-ж. №726/1 буйругу).

ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжи кесиптик орто билим берүүнүн базалык программаларын ишке ашыруу менен, республикалык бюджеттин эсебинен, андан тышкары келишимдик негизде окутуудан түшкөн каражаттын эсебинен каржыланат. Билим берүү ишмердүүлүгү төмөнкү №LC210002608 лицензиянын негизинде жүргүзүлөт.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинин үч окуу корпусу жана студенттер үчүн жатаканасы бар. Биринчи корпуста окуу кабинеттери, компьютердик класс, чоң залы, жыйындар залы, китепкана, окуу залы, студенттик ашкана жайгашкан. Ал эми экинчи окуу корпуста болсо окуу кабинеттери, заманбап компьютердик класс, лабораториялар, окуу устаканалары жана башка көмөкчү кааналар бар, үчүнчу окуу корпуста окуу кабинеттери, студентик парламентин канаасы жана Ырыспай Абдыкадыровдун клубу ачылган. Студенттик жатаканада жашоочулар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн, санитардык түйүндөр капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

 

 

 

 

 

Билим берүү ишмердүүлүгү

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжи кесиптик орто билим берүүнүн программаларын ишке ашырат. Колледжде окутуу жана тарбия иштери жаштардын атаандаштыкка жарактуу болуусуна, чыгармачылык демилгесин, ишкердик духун, корпоративдик атмосферасын өстүрүүгө багытталган. Ошондуктан окуу процессии бир гана колледждин окутуучулары менен гана жүргүзүлбөстөн, окуу процессине өндүрүштөн инженердик-техникалык персоналдар дагы тартылган. Атап айтсак, Майлуу-Суу лампа заводунан, РЭТ ишкаканасынан, «Юг» көмөкчү чордонунун жана башка мекемелерден. Бул окуу процессиндеги теория менен практиканын байланышын бекемдейт. Студенттердин алган теориялык билимдерин андан ары бекемдөө лабораторияларда жана окуу устаканаларында жүргүзүлөт. Ал эми өндүрүштүк практикалар иштеп жаткан ишканаларда өткөрүлөт.

Билим берүү системасындагы болуп жаткан реформаларга байланыштуу Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинде Кыргыз Республиксынын билим берүү стандарттарына ылайык бардык адистиктер боюнча жаңы окуу пландары ишке киргизилген. Окуу программалары окутуунун негизги максаттарына багытталып түзүлгөн. Анда сабактарды өздөштүрүүдөгү керектүү болгон бардык теориялык билимдер жана практикалык көндүмдөр чагылдырылган. Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинде окууну бүткөндөн кийин бүтүрүүчүлөр кесиптик орто билими жөнүндөгү диплом алышат.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжи студенттерди кабыл алууну негизги жалпы билимдин (9кл.) жана орто жалпы билимдин (11кл.) базасында төмөнкү адистиктер боюнча жүргүзүлөт:

  1. 140212 Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)

Квалификациясы: техник-электрик

Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай негизги жалпы билимдин (9кл.) базасында жана 1 жыл 10 ай орто жалпы билимдин (11кл.) базасында.

  1. 220206 Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)

Квалификациясы: техник

Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай негизги жалпы билимдин (9кл.) базасында жана 1 жыл 10 ай орто жалпы билимдин (11кл.) базасында.

  1. 080110 Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)

Квалификациясы: бухгалтер

Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай негизги жалпы билимдин (9кл.) базасында жана 1 жыл 10 ай орто жалпы билимдин (11кл.) базасында.

  1. 050709 Башталгыч класстарда окутуу

Квалификациясы: башталгыч класстын мугалими

Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай негизги жалпы билимдин (9кл.) базасында жана 1 жыл 10 ай орто жалпы билимдин (11кл.) базасында.

  1. 130305 Мунай жана газ кендерин иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо

Квалификациясы: техник-технолог

Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай негизги жалпы билимдин (9кл.) базасында жана 1 жыл 10 ай орто жалпы билимдин (11кл.) базасында.

 

Колледждин окутуучулар курамы

Азыркы мезгилде Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинде окуу процессин жүргүзүү үчүн 24 окутуучу тартылган. Анын ичинде 19 штаттык жана 5 көмөкчү окутуучулар бар. Алардын арасында 5 билим берүүнүн мыктысы эмгектенет. Көмөкчү окутуучулар атайын өндүрүштөн тартылган. Алар Майлуу-Суу лампа заводунун, электр тармактарынын алдыңкы инженердик-техникалык кызматкерлери болуп саналышат.

Колледждин окутуучулары студенттерди окутууда жана тарбиялоодо көп жылдык эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын билим берүү мыктысы” төш белгиси мененТойчубекова Г.Ж., Кадыралиев Ы.Ы., Урустамова А.М.; Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “эмгек сиңиргендиги үчүн” төш белгилери менен Кадыралиев Ы.Ы., Тойчубекова Г.Ж., сыйланышкан. Ал эми Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, шаардык мэриянын ардак грамоталары менен көптөгөн окутуучуларыбыз сыйланышкан.

Колледждин окутуучулары Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин аймактык билим берүү мекемелеринин алкагында өткөрүлүүчү конферецияларга, маданий-массалык жана спорттук иш-чараларга активдүү катышып келүүдө.

 

 

 

 

 

Студенттик турмуш

Студенттик турмуш колледжде бир гана окуу менен чектелбестен, андан башкадагы коомдук, чыгармачылык, спорттук иштер менен коштолот. Ошондуктан студенттерибиз колледждеги, колледждер арасындагы жана шаардагы спорттук, концерттик ж.б. конкурстарга активдүү катышышат. Жыл сайын өткөрүлүүчү студенттердин олимпиадасына, конференцияларына жана башка иш-чараларга такай катышып келишет. Колледждеги тарбиялык иштердин максаты студенттердин ар тараптан гармонияда өсүүсүнө шарт түзүү болуп саналат. Анын негизинде эстетикалык, патриоттук багыттагы тарбиялык иштер жатат. Мындан тышкары студенттердин чыгармачылык активдүүлүгүн өстүрүү жана ден-соолугун чыңдоо боюнча дагы иштер жүргүзүлүүдө.