AVN







Отделение «Лечебное и акушерское дело»

Отделение «Лечебное и акушерское  дело»

ПЦКсынын жетекчиси


Равшанбек кызы Айнагүл


Адрес: Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү 126

Телефон: 0507 456 200

E-mail: ajnagulravsanbek@gmail.com


060101 Дарылоо иши ПЦКсынын окутуучулары атайын дисциплиналар боюнча окуу-методикалык комплекстерди, силлабустарды иштеп чыгышат. Мындан тышкары, ар бир окутуучу өзү иштеп чыккан көрсөтмө куралдарды колдонуу менен сабактарды өтөт. Окутуучулар окутуунун активдүү жана инновациялык ыкмаларын активдүү колдонушат, дисциплиналар боюнча слайд, дидактикалык, манипуляция жасоо үчүн көрсөтмө куралдар. Негизинен предметтин курсунун саясаты биринчи кезекте студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана өнүктүрүүгө багытталган. Мындан тышкары, бөлүмдө клиникалык предметтер боюнча билим берүү практика өтүүчү базалар менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт. Айрыкча, студенттердин критикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырууга көңүл бурулат.

ПЦКсынын окутуучулары жана студенттери колледждин жана университеттин илимий жана коомдук турмушуна активдүү катышууда. Ошондой эле бир нече жолу шаардык, облустук, сынактардын жеңүүчүлөрү болгон. “Биз кургак учукту биргеликте жеңебиз” аталыштагы иш-чаралардын алкагында студенттеринин арасында өткөн кароо сынакта 1-орунга ээ болушту.

 

Билим берүү ишмердүүлүгү

Азыркы мезгилде 060101 Дарылоо иши адистиги боюнча фельдшер квалификациясына ээ болушат. Окуу мөөнөтү – 3 жыл 6 ай. Орто кесиптик билим берүүдөгү негизги билим берүү программасы (ОКББ НББП) Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү министирлиги тарабынан иштелип чыккан орто кесиптик билим берүүчү “Дарылоо иши ”-060101 адистиги үчүн, мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык түзүлгөн. Ошондой адистикти даярдоодо бүтүрүүчүлөрдүн компетенттүүлүк модели иштелип чыккан

Дарылоо иш ПЦК сында негизинен төмөнкү окуу дисциплиналары бекитилген:

Терапия

Хирургия

Гигиена жана экология

Нерв жана психикалык ооруулар

Фтизиатрия

Инфекциялык ооруулар жана эпидемиология

Дерматовенерология

Семейная медицина

Реабилитациянын негиздери (физиотерапия, ЛФК, массаж)

Реаниматология

Гериатрия

Терапия

 

Окуу аудиториялары

Теориялык жана практикалык сабактарды өтүүдө 2 чоң лекциялык аудитория, практикалык сабактарды өтүүдө 7 окуу кабинеттери бар. Окуу кабинеттери заманбап окуу материалдары менен жабдылган

 

Профессордук-окутуучулук курам:

Дарылоо иши ПЦКсында бүгүнкү күндө жалпы 8 мугалим эмгектенет алардын ичинен

7 штаттык жана 1 айкалыштыруучу мугалимдер

 

 

 

Окуу-методикалык иштер

Окутуучулар өздөрүнүн предметтери боюнча окуу методикалык комплекстерди жана жумушчу программмаларды түзүшүп, дидактикалык материалдарын ар бир окуткан предметтери боюнча жасап чыгышкан. Өз убагында ачык сааттарды атайын график менен өтүшүп өздөрүнүн билимин жогорулатуу жана жеке тажрыйба алмашуу максатында катышып турушат. Лекциялык жана практикалык сабактары боюнча предметтерден толук окуу материалдары даярдалган . Азыркы учурда окуу пособияларын даярдап жатат.

 

Студентердин илимий- изилдөө иштери (СИИИ)

“Дарылоо иш” ПЦКсында “БАД” кружогу иштейт. Бекитилген графикке ылайык студенттер өз алдынча окутуучулар менен иштешет жана дарылоо-профилактикалык мекемелер менен бирдикте кызматашышат

 

Дарылоо иши” ПЦКсы башка колледждер менен биргеликте иштешет алар:

Бишкек медициналык колледжи;

ОшМУ Өзгон медициналык колледжи

ОшМУ медициналык колледжи

Талас медициналык колледжи ;

Майлы-Суу медициналык колледжи