AVN







Гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар ПЦКсы

Гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар  ПЦКсы

ПЦК жетекчиси


Ормогоева Айнура Арстаналиевна


Адрес: Жалал-Абад ш, Пушкин көчөсү № 148

Телефон: +996 772 722 974

E-mail: ainura_ormogoeva@mail.ru


 Гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар ПЦКсындагы окутуучулар гуманитардык, табигый, математикалык предметтерден беришет. Бул ПЦКга тарых, орус тили жана адабияты, кыргыз тил адабияты, кыргызстандын географиясы, ботаника, медициналык генетика, адамдын гигиенасы жана экологиясы, кесиптик математика, органикалык химия, органикалык эмес химия, аналитикалык химия предметтери карайт.

Гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплинасы ПЦКсынын окутуучулары атайын дисциплиналар боюнча окуу-методикалык комплекстерди, силлабустарды иштеп чыгышкан. Мындан тышкары, ар бир окутуучу өзү иштеп чыккан көрсөтмө куралдарды колдонуу менен сабактарды өтөт. Окутуучулар окутуунун активдүү жана инновациялык ыкмаларын активдүү колдонушат, дисциплиналар боюнча слайд, дидактикалык көрсөтмө куралдарды колдонуу менен иштешет. Негизинен предметтин курсунун саясаты биринчи кезекте студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана өнүктүрүүгө багытталган. Айрыкча, студенттердин критикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырууга көңүл бурулат.

Окутуучулар жана студенттери колледждин жана университеттин илимий жана коомдук турмушуна активдүү катышууда. Ошондой эле бир нече жолу шаардык, облустук, сынактардын жеңүүчүлөрү болгон.

 

Окуу аудиториялары

Теориялык жана практикалык сабактарды өтүүдө 2 чоң лекциялык аудитория, практикалык сабактарды өтүүдө 11 окуу кабинеттери бар. Окуу кабинеттери заманбап окуу материалдары менен жабдылган

 

Профессордук-окутуучулук курам

Гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар ПЦКсында бүгүнкү күндө жалпы 17 окутуучу эмгектенет алардын ичинен 15 штаттык жана 2 айкалыштыруучу окутуучу

Гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар ПЦКсы

Ф.А.А.

кызматы

Телефон номерлери

1.

Алимова Айгерим Ормонбековна

Окутуучу

0773 970 456

2.

Баитова Нуржан Дарманкуловна

Окутуучу

0773 971 828

3.

Байгозуева Назгул Мамасалиевна

Окутуучу

0773 707 763

4.

Балыбаева Шахноза Назарлиевна

Окутуучу

0778 662 302

5.

Бакалаева Лайли Кенжекуловна

Окутуучу

0554 350 081

6.

Дыйканов Кыялбек Алманбекович

Окутуучу

0772 683 973

7.

Искендеров Анвар Апсатарович

Окутуучу

0772 219 798

8.

Матраимова Айгүл Абдимуктаровна

Окутуучу

0702 868 812

9.

Мурзакметов Таалай Турдумаматович

Окутуучу

0771 003 636

10.

Ормогоева Айнура Арстаналиевна

ПЦК жетекчиси

0772 722 974

11.

Осорова Жибек Калбатыровна

Окутуучу

0773 810 871

12.

Пратова Майрам Таштемировна

Окутуучу

0704 414 412

13.

Сайдазимова Барно Анарбековна

Окутуучу

0776 878 914

14.

Термечикова Сейилкан Мамытовна

Окутуучу

0554 220 659

15.

Хайткулова Курманжан Абдурахмановна

Окутуучу

0755 777 633

16.

Шайымкулов Ырысбай Абдуллаевич

Окутуучу

0779 572 020

17.

Эгембердиева Алтынай Дуйшоевна

б.и.к., доцент

0773 743 292

 

ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕР

ПЦКда азыркы учурда замандын талабына толук жооп берүүчү орто билимдүү медициналык адистерди даярдоо үчүн мамлекеттик стандарттагы табигый-математикалык, гуманитардык-социалдык илимдердин негизги багыттары окутулат. Алар төмөндөгүлөр: аналитикалык, органикалык, органикалык эмес химия, ботаника, математика жана информатика, ИОПД, экологиянын негиздери жана Кыргызстандын географиясы, ж.б. ЖОЖдук компонент катары бир катар предметтер алсак «Кыргызстандын дары өсүмдүктөрү», «Биотехнология». Аталган предметтерди терең өздөштүрүү үчүн лекциялык материалдар жана лабораториялык иштердин иштелмелери жогорку илимий теориялык жана усулдук жактан иштелип чыгууда. Окуу планына ылайык тиешелүү предметтердин типтүү, жумушчу программалары, силлабустар түзүлүп талдоодон өтүүдө. Лекциялык жана лабораториялык сабактарды өткөрүү үчүн шарттар камсыз болгон 2 лекциялык зал, 2 компьютердик аудитория, 9 окуу кабинеттери, 1 гербарий фонду кызмат кылат. Окуу талаа практикалары үчүн түштүк Кыргызстандагы улуттук жаратылыш парктары, мамлекеттик коруктар менен келишимдер түзүлгөн. Предметтерди өздөштүрүүдө жергиликтүү материалдарды пайдаланууга көп көңүл бурулат. ПЦКнын мүчөлөрү окутуунун модулдук системасына толук өтүшкөн. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ар бир семестрде студенттерден 2 жолу модуль алынат.

ПЦКнын окутуучулары тарабынан бир нече окуу китептери жана окуу усулдук колдонмолор иштелип чыгарылган. Окутуучулар өздөрүн теориялык окуу усулдук чеберчилигин өркүндөтүү үчүн түрдүү билимин өркүндөтүүчү курстарга катышып, сертификаттарга ээ болушкан. ПЦКда өз ара сабактарга катышуу аны талкуулоо кеңири практикаланат.

 

ИЛИМИЙ ИШТЕРИ

Медициналык колледжинин Гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар ПЦКсында бардыгы болуп 17 окутуучу эмгектенүүдө. Алардын ичинен 1 илимдин кандидаты бар. ПЦК мүчөлөрү окуу программаларын, окуу куралдарын жана башка окуу усулдук, илимий аспектилердин иштелмелерин даярдоодо үзүрлүү эмгектенүүдө. Окутуучулар материалдык-техникалык базаны жакшыртып, модулдук-рейтингдик системаны пайдалануу менен, студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруп, илимий изилдөө иштерин жетектөө менен иш алып барууда. ПЦКнын окутуучулары тарабынан 28 окуу усулдук колдонмо, бир нече илимий макалалар басмадан жарык көргөн.

 

I. Биологиялык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. Түштүк Кыргызстандын даары өсүмдуктөрүнүн түрдүк курамы. Б.и.к., доцент Эгембердиева Алтынай Дуйшоевна, Термечикова Сейилкан Мамытовна.

 

II. Химиялык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. Жалал-Абад областындагы суу ресурстарынын курамына химиялык анализ жүргүзүү Бакалаева Лайликан Кенжекуловна, Сайдазимова Барно Анарбековна.

 

III. Методикалык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. Орто кесиптик медициналык окуу жайларында химияны, экологияны кесипке багыттап окутуунун методикасы. Ормогоева Айнура Арстаналиенва, Бакалаева Лайликан Кенжекуловна

3. Медициналык колледждерде математиканы окутуунун методикасы. Баитова Нуржан Дарманкуловна

 

IV. Экологиялык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. Влияние экологических факторов на состояние биоразнообразия растительности Чаткалского хребта. Дыйканов Кыялбек Алманбекович

 

ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ

Кыргызстанда элге билим берүү системасын өнүктүрүүнүн эң негизги жолдорунун бири болуп жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк окуу жайлар, өкмөттүк эмес уюмдар жана донордук мекемелер менен байланышып, инвестиция алуу, профессордук окутуучулар менен тажрыйба алмашуу ж.б. иш аракеттер саналат. Учурда ПЦКнын профессордук окутуучулары билим берүүнү өркүндөтүү жана илимий иштерди активдүү жүргүзүү максатында республикадагы жана чет өлкөлүк ЖОЖдор, медициналык орто билим берүүчү окуу жайлар, өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык фонддор менен байланышта үзүрлүү эмгектенип келишүүдө.

 

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

Гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар ПЦКсына 2021-2022-окуу жылында университет тарабынан материалдык-техникалык базаны чыңдоо, студенттердин жеткиликтүү билим алуусун камсыздоо максатында окуу китептери, бир нече окуу каражаттары берилди. 

 

 

 

 

ПЦКдагы ТАРБИЯЛЫК ИШТЕР

ПЦКнын тарбиялык иштери боюнча түзүлгөн планы жана кураторлордун иш планы ПЦКнын кенешмесинде талкууланып бекитилген. ПЦКнын курамында 9 куратор өзүнө бөлүнгөн тайпалар менен активдүү иш алып барышат. Иш планда белгиленген иш-чаралар боюнча жолугушууларды уюштуруп турушат (ветерандар, врач- гинекологдор, ууз чебер энелер ж.б.).

Ошондой эле студенттер менен биргеликте ишембиликтерге катышат. Мындан сырткары колледж, университеттин денгээлинде уюштурулган коомдук, маданий, спорттук иш-чараларга үзгүлтүксүз катышат.

 

ОКУУ-ТАЛАА ПРАКТИКАСЫ

Окуу-талаа практикасы ПЦКдагы “Ботаника” предметин өздөштүрүүнүн негизги формасы болуп саналат жана ал үчүн жетишээрлик сандагы сааттар бөлүнгөн. Окуу-талаа практикасы жылдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өткөрүлөт, анда студенттер теориялык жактан алган билимдерди бекемдейт, ал эми окуутуучулар илимий изилдөө иштери үчүн материалдарды да топтошот. Окуу-талаа практикасын өткөрүү үчүн Кара-Алма жана Арсланбоб токой чарбалары менен келишимдер түзүлгөн. Окуу-талаа практикасы студенттер үчүн “Ботаника” предметинин эң негизги жана кызыктуу бөлүгү болуп саналат. Практика учурунда студенттер окуу менен биргеликте бир нече акцияларды, иш-чараларды жүргүзүшөт (Тазалыкты сактоо, Жаратылышты коргоо).

 

Студентердин илимий- изилдөө иштери (СИИИ)

Гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар ПЦКсында “Жаш химик”, “Ботаник”кружоктору иштейт. Бекитилген графикке ылайык студенттер өз алдынча окутуучулар менен иштешет.