korp


AVN






Институт Конфуция при ЖАГУ

Директоры института Конфуция при ЖАГУ

Кандидат филологических наук,доцент

Шакирова Мавлюда

Адрес: Жала-Абад шаары,

Ленин көчөсү 57

Телефон: 0771175075, 0553710075

e-mail: mavluda_7575@mail.ru

    Директор назначенного китайской стороной

Айдар Усен

Адрес: Жала-Абад шаары,

Ленин көчөсү 57

Телефон: 0557505777

e-mail: 949107528@gg.com

Конфуций институту – Ханбань тарабынан түзүлгөн кытай тилин чет өлкөнүн синологиялык борборлору менен биргеликте жайылтуучу Кытай маданий билим берүү борбору.

Конфуций институтунун миссиясы – кытай тили жана маданиятынын өсүп-өнүгүшүн, кытай менен башка мамлекеттердин ортосунда достук алакаларын өнүктүрүүнү ишке ашыруу. Конфуций институтунда билим берүү Кытай мамлекети менен кызматташууга багытталган.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Конфуций институту Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Синьцзян университетинин ортосундагы 2016-жылдын сентябрындагы келишимдин негизинде 2016-жылдын 26-декабрында ачылды.

 

Конфуций институтунун милдеттери:

  • Кытай тили жана маданияты курстарын уюштуруу;
  • Илимий-конференцияларды, конкурстарды жана башка иш-чараларды өткөрүү;
  • Кытай тили боюнча квалификациялык тесттерди жүргүзүү;
  • Кытай Эл Республикасында билим алууга концультацияларды берүү;
  • Кытайда студенттик стажировкаларды уюштуруу.

Буга чейин университетте Конфуций борбору ачылган. Борбордун ишмердүүлүгү менен 600гө жакын студент кытай тилин үйрөнүшүп, дипломдуу болушту. Анын ичинен 41и кытай тили боюнча Хэнань, Шенянь, Гуанджу, Үрүмчү, Сиан, Харбинде билимин өркүндөтүп келишти. 8 студент магистратурада, аспирантурада билим алууну улантып жатышат.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад областында кытай тилин үйрөтүүчү  5 курс иштеп жатат. Бул курстарда студенттер жалаң гана тил үйрөнүү менен чектелбестен, кытай элинин маданиятын, каада-салттарын, музыкасын, искусствосун да кошо таанып, үйрөнүп келишүүдө.

Конфуций борбору Жалал-Абад мамлекеттик университетинде бир топ иш-чараларды уюштурушту. Алсак, “Кытай күндөрү”, “Кытай жумалыгы”, “Кыш чилдеси” жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүшүп, кытай эли менен кыргыз элинин ортосундагы достук мамилелердин чыңдалышына өз салымдарын кошуп келишүүдө.

Мындан сырткары, кытай таануу адистиги боюнча окуу планы иштелип чыгып, КРнын билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алды.

 

 

 

Конфуций институту Кыргызстандын 4 окуу жайында,  Бишкек гуманитардык университетинде, Кыргыз улуттук университетинде, Ош мамлекеттик университетинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Учурда Конфуций институту Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев менен Кытай Эл Республикасынын Председатели Си Цзиньпин кол койгон эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык кызматташууну бекемдөө декларациясынын негизинде, Синьзян жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ортосундагы Ханьбань келишиминин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин 19.12.16. №3 протоколунун чечими, ЖАМУнун Камкорчулук кеңешинин жыйынынын 20.12.16. №2 протоколунун чечими, окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж.Усеновдун 20.12.16. № 396 буйругунун негизинде ачылды. КРнын Билим беруу жана илим министринин 27.03.17 №355/1 “Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунун” Уставын бекитүү боюнча буйругу аткарылып, КРнын Юстиция министрлигинин Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын 04.04.17.165632-3303-М-е номерлуу юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк алынды.

ЖАМУнун алдындагы Конфуций институту Устав боюнча кытай тилин үйрөтүүчү курстарды, стажировкаларды уюштурат. Учурда Базар-Коргон, Сузак райондорунда, Кара-Көл, Кочкор-Ата, Жалал-Абад шаарларында, Экономика жана ишкердик университетинде, ЖАМУнун өзүндө, жалпысынан 30дан ашуун кытай класстары иштеп жатат. Тил үйрөнүүчүлөрдү кытайдан келген окутуучулар жана волонтерлор окутат, өз учурунда тил үйрөнүү деңгээлин аныктоочу сынактарды өткөрүшөт. Бул курстарда студенттер жалаң гана тил үйрөнүү менен чектелбестен, кытай элинин маданиятын, каада-салтын, музыкасын, искусствосун, бүтүндөй кытай дүйнөсүн да кошо таанып үйрөнүшөт.

 

Буга чейин 2010-11-окуу жылында аталган окуу жайда профессор Субай Анарбектин жана профессор К.Ж.Усеновдун демилгеси менен Кытай борбору ачылган эле. Ошол учурда керектүү китептердин аздыгы, материалдык жабдуулардын жетишпестиги бир топ көйгөйдү жаратса, бара-бара биргелешип иштөөнүн натыйжасында, мындай көйгөйдөн арылып, бүгүнкү күндө борбордун ишмердүүлүгү менен 600гө жакын студент кытай тилин үйрөнүшүп, дипломдуу болушту. Анын ичинен 50гө жакыны кытай тили боюнча Хэнань, Шэньян, Гуанчжоу, Үрүмчү, Сиань, Харбинде билимин өркүндөтүп келишти. 8 студент магистратурада, аспирантурада билим алууну улантып жатышат.

Окуу жайыбыздын алдындагы Конфуций институту аз аралыктын ичинде бир нече ийгиликтерге жетишти. Алсак, БГУда өткөрүлгөн  “Тилдер фестивалына” кытай тили боюнча команда даярдап 1-орунду, КУУда өткөрүлгөн “Тил көпүрөсү” сынагында 2-орунду ээлеп, БГУда өткөрүлгөн “Тил көпүрөсү” конкурсуна кытай тили курсунда окуп жаткан окуучуларды катыштырып, ”Мыкты речь” номинациясын утуп алды.

 Мындан сырткары, Конфуций институту Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Кытай күндөрү”, “Кытай жумалыгы”, “Кыш чилдеси”, “Күрүч майрамы”, “Бүтүрүүчүлөр” жана башка ушул сыяктуу бир топ иш-чараларды үзгүлтүксүз уюштуруп, университеттин жандуу турмушуна активдүү катышып, ар тараптан көмөк көрсөтүп, биргелешип иштөө менен кытай эли менен кыргыз элинин ортосундагы достук мамилелердин чыңдалышына өз салымын кошуп келет.

ЖАМУнун жетекчилиги институттун баштапкы ишин алып кетүү үчүн аудиторияларды бөлүштүрүп берип, материалдык-техникалык база менен камсыз кылды. Мындан сырткары, институттун окуучулары үчүн ЖАМУнун китепканасынан, ашканасынан, спортзалдарынан пайдаланууга толук уруксат берилген.

Бүгүнкү күндө Ханьбань тараптан материалдык жана моралдык колдоолор болуп жатат. 2017-окуу жылы үчүн Кытай тараптан 14474250 сом инвестиция тартылып, ага институтка караган кабинеттер, аудиториялар, тазалык кааналары, фае, коридорлор заманбап ремонттоодон өткөрүлдү. Конфуций институту үчүн административдик офис курулду. Атайын китепкана, жыйындар залы түзүлүп, ишке киргизилди. Бардык окуу кааналары, жумушчу кабинеттер заманбап, жаңы эмеректер менен камсыздалды. Институттун материалдык-техникалык базасы түзүлдү. Компьютер, ноутбук, принтер, цифралык проектор, проектилик экран, сканерлөөчү аппарат, телевизор, DVD-видеоплеер, колонка, чоң нуска көчүрүүчү аппарат, электрондук доска ж.б. алынды.  Компьютерлердин баары интернетке туташтырылды.

 Материалдык базадан сырткары, кытай тилин жогорку деңгээлде үйрөтүү үчүн Кытайдан мугалимдерди, волонтерлорду жиберип жатышат.  Кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттерге, окуучуларга кытай мугалимдери менен иштешүү абдан кызыктуу, алар менен баарлашып, туура сүйлөөгө көнүшөт. Кытай тараптан келген адистердин, волонтерлордун өз ишине берилип, бүт дити менен тил үйрөнүп жаткан бала менен иштөөсү, аракетчилдиги, жакшы мамилелери кубандырбай койбойт. Биргелешип иштөөнүн натыйжасында, студенттер сынакка катышып, жакшы окугандары Кытай Эл Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайларына бюджетке окууга, стажировкаларга жолдомо алышып, окуп келип жатышат. Эки элдин ортосундагы ынтымак-достукту бекемдөөгө, терең кызматташууга өз салымдарын кошуп жатышкандардын жоон тобу  мына ушул тил үйрөнүп жаткан жаштар деп айтсак да жаңылышпаган болор элек. Анткени алар кытай тилин үйрөнүп, Кытай жергесине барып, билимин жогорулатып, тажрыйба алмашып гана тим болбостон, өнүккөн өлкөдөн өзгөчө  таасир алып келишүүдө. Кытай жергесинин кооздугу, салттуу бай маданияты, кылымдарды карыткан тарыхы, элдеринин меймандостугу, адамгерчилик сапаттары кыргыз жаштарынын жүрөгүнүн тереңинен орун алып, өлкөдөгү ар тараптуу өнүгүүдөн, бекем тартиптин болгондугунан, мамлекеттин стабилдүүлүгүнөн өзгөчө таасирленгендиктерин байкоого болот.

Азыркы учурда институттун кытай тили класстары 8 жерде: Кочкор-Ата, Кара-Көл, Жалал-Абад шаарларында, Базар-Коргон, Сузак райондорунда, окуу жайдын өзүндө  ачылып, кытай тилин үйрөнүүчүлөрдүн саны 1000ге жетти. Албетте, бул чек эмес, кытай тилин үйрөнөм дегендердин саны күн сайын өсүүдө. Учурда 35-40 орундуу лингафон кабинетин түзүү иши жүрүп жатат. Мындан сырткары, тил үйрөнүүгө ыңгайлуу шарттарды дагы да түзүү, институттун материалдык-техникалык базасын дагы да чыңдоо, кытай классттарын бала-бакчаларга ачуу, эки университеттин карым-катнашын тереңдетүүчү иш-чараларды: жолугушууларды, конференцияларды, форум, курултайларды өткөрүү – алдыбыздагы иш-аракеттер болмокчу.